Ликвация

Википедия дан

Ликвация, сегрегация металлургияда – куйманын химиялык курамынын кристаллдашуу учурунда бир тектүү болбой калышы. Мында куйма таза металлдай бир эле темпрада кристаллдашпай, бир нече температуралык интервалда кристаллдашып, ликвация процесси пайда болот. Куйманын алгачкы курамы өзгөрөт, температуралык аралык чоң болсо, ликвация процесси күчөйт. Металлдын кристаллдашуусу начарлайт, сапаты кемийт. Дендрит же зоналуу түзүлүш келип чыгат. Металлды узак убакытка ысытса дендрит болбойт. Зоналуу түзүлүштү жоюу үчүн үзгүлтүксүз коюу, кайрадан эритүү талап кылынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7