Ликер

Википедия дан

Ликер (лат. liguor — суюктук) —составынын 35% кант, көлөмүнүн 45% спирттен турган күчтүү ичкилик.

Батыш Европада Л. биринчи жолу Голландияда жасалган. Кийинчерээк сапаттуу, жыпар жыттуу Ликер Францияда өнүккөн.

Ликер күчтүү, десерттүү жанa крем ликёруна бөлүнөт. Ликерду даярдоодо тазаланган спирт, шорсуз (эриген туздарынан тазаланган) суу, спирттелген шире, спирттелген маңыз (кургатылган чүп, жалбырак, тамырларды спиртке чылап маңызы чыгарылган), жыпар жыттуу спирт (жыпар жыттуу заттарды кайнатуу менен), түстүү кант ширеси, эфир майы жанa ар кандай азык заттар пайдаланылат.

Бул кошулмалар керектүү өлчөмдө аралаштырылып, белгилүү убакытка чейин атайын эмен челектерде сакталат. Даяр болгон тунма Ликер идиштерге куюлат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.