Лилль

Википедия дан
Лилль.

Лилль (фр. Lille, нидерл. Rijsel; экөө тең «арал» дегенди түшүндүрөт) – Франциянын түндүгүндөгү шаар. Нор-Па-де-Кале регионунун жана Нор департаментинин административдик борбору. Дёль дарыясынын боюнда (Шельданын алабы), Бельгиянын чек арасынан 11 км аралыкта жайгашкан. Калкы 260,8 миң (2010; шаар айланасы жана шаар спутниктери менен Чоң Лилль агломерациясын түзөт; калкы 1,2 млн); калкынын саны боюнча Франциядагы (Париж, Лион, Марселден кийинки) 4-шаар. Ири жол тоому. Лондон менен жогорку ылдамдыктагы темир жолу аркылуу байланышат. Эл аралык аэропорту, метрополитен бар. Ири дарыя порту.

Алгач 1054-ж. Фландрия графтарынын резиденциясы катары эскерилет. Байыркы эстеликтеринен капелла (13-к.), госпиталь саат мунарасы (13-к.), бастиону, салтанат капкасы бар 5 бурчтуу цитадель (1667–70), неоготика стилиндеги кафедралуу собор жана башкалар сакталган. Пастер институту (1894), 340тан ашык илимий- изилдөө лабораториялары, ири университет борбору жана университеттер федерациясы (анын ичинде гуманитария, адабият, искусство, католик, кампустар жана башка), Жогорку мектеп борбору (1892), Жогорку соода (1872), Арх-ра жана ландшафт улуттук жогорку мектеби жана башка, китепканалар, архив, музейлер, театрлар (анын ичинде опера) бар. Жыл сайын кыска фильмдердин (март– апрель), жаз жана рок музыкасы жана комикс фестивалдары өткөрүлүп турат. Көчө базарлары (12-кылымдан иштейт; Европадагы эң ири; 10 миңден ашык сатуучусу, 3 млндон ашык кардарлары) бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7