Линолеум

Википедия дан

Линолеум (лат. linum — кендир, кездеме жанa oleum — май) — үйдүн бөлмөлөрүнүн таманына төшөөгө арналган түрмөктөлгөн полимердүү ма­териал.

Ал бир же эки катмардан турат. Эки катмардуунун үстү пластмассадан, асты бышык кездемеден же атайын картондон ж. б. жасалат. Линолеум катмарларына жараша ичтелген жанa жалаңкат болуп бөлүнөт. Ичтел­ген Линолеумдин астыңкы катмарына баш­ка материал жайгаштырылат. Жалаңкат Линолеум бир гана катмардан турат (мис., релин).


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.