Полимерлер

Википедия дан
Полимер.

Полимерлер (гр. Polymeres – көп бөлүктөрдөн турган, көп түрдүү) – макромолекулалары; n санда кайталануучу мономердик калдыктар тизмегинен турган ири мол., массалуу (бир нече миңден млнго чейин) химимялык; бирикмелер. Макромол. кирүүчү атом же атомдор топтору бири-бири менен негизги же координациялык валенттик күчтөр менен байланышкан. П. табигый (белоктор, нуклеин к-талары, табигый чайырлар) жана синтездик (полиэтилен, полипропилен, фенол-формальдегид чайырлары жана башка) болуп бөлүнөт. П. макромолекулалары; мономердин бирдей калдыктарынын тизмегинен турса, гомополимерлер мисалы, поливинилхлорид, поликапроамид, полибутадиен, целлюлоза жана башка, ал эми түрдүү мономерлер калдыгынын тизмегинен турса, сополимерлер, мисалы, бутадиен-стирол каучугу, стирол-дивинил деп аталат. Алар негизги полимердик чынжыр тизмегинин курамына жараша гомотизмектүү (бирдей атомдон турган) жана гетеротизмектүү (түрдүү элемент атомунан турган) болуп бөлүнөт. Гомотизмектүү П. карботизмектүү П. көп таралган. Макромол-да углеводороддук топ менен бирге органикалык; эмес элементтер атомдору да болсо, анда алар элемент органикалык; П. деп аталат. П. касиеттери алардын химимялык; курамы, мол. массасы, тармакталуу дражасы, макромол-нын ийилгичтиги ж.б. негизги мүнөздөмөлөрүнө байланыштуу. Табигый П. түрдүү организм клеткаларындагы биосинтез процессинде пайда болот. Синтездик П. полимерлешүү жана поликонденсация реакциялары менен алынат. П. механикалык бышыктыгы, ийилгичтиги, электр өткөрбөөчү жана башка баалуу касиеттерине байланыштуу ө. ж-дын түрдүү тармактарында жана үй-тиричилигинде кеңири колдонулат.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]