Полиэтилен

Википедия дан

Полиэтилен – [-CH 2-CH2-]n ак түстөгү термопластикалык полимер. Өнөр жайда полимерди алуу шартына жараша П. 3 түрү бар: 1. Жогорку басымдагы полиэтилен (Ж.б.п.). Полимерлешүү реакциясы 1500 атм. басымда, 180оС инициатор катары кычкылтекти колдонуу менен жүргүзүлөт. Кычкылтек ордуна пероксиддер колдонулса, реакция 40-600 С жүрөт 2. Орто басымда алынган П. (О.б.п.) Реакция органикалык  эриткичтер чөйрөсүндө 35-40 атм. басымда, 125-150 о С жүргүзүлөт (катализатор өзгөрмө валенттүү металлдардын кычкылдары). Пайда болгон полимер бөлүнүп алынат, кургатылат, кошумча заттар кошулуп гранулдандырылат. 3. Төмөнкү басымдагы П. (Т.б.п.). Реакция органикалык  эриткич чөйрөсүндө 5 атм., асымда 80 оС төмөнкү темп-рада, Циглер-Натта комплекстик катализатору катышуусунда жүргүзүлөт. Пайда болгон полимер эриткичтен бөлүнөт, катализатор калдыктары спирт менен тазаланат. Алынган полимер кургатылат, гранулданат. Алуу шартына жараша полимерлер структурасы жана касиеттери да ар түрдүү. жана башка П. көп бутактанат, жумшак жана ийкемдүү; О.б.п. болсо, Т.б.п. аралык маанисине ээ. О.б.п. менен Т.б.п. катуу, ийилчээктиги аз болот. Бардык П. суукка туруктуу келгендиктен -700С колдонууга болот. Эң жакшы электр өткөрбөөчү касиетке ээ. Конц. туз жана плавик к-таларына, щелочторго туруктуу; хлор, фтор жана азот кислотасынын таасиринен бузулат, алифаттык жана ароматтык углеводороддо эрийт. П. агрессивдүү чөйрөдө колдонулуучу техникалык тетиктер, изоляция материалдары алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]