Мазмунга өтүү

Линус Торвалдс

Википедия дан
Линус Торвалдс (2014).

Линус Бенедикт Торвалдс (швед. Linus Benedict Torvalds; 1969-жылы 28-декабрда туулган) — Linux өзөгүн жараткан жана узак убакытка чейинки башкы иштеп чыгаруучусу болгон фин-америкалык программалык инженер. Ал түзгөн Linux өзөгү Linux операциондук системасы, Android жана Chrome OS сыяктуу операциондук системалар үчүн өзөк болуп берген. Ошондой эле ал Git аттуу бөлүштүрүлгөн версия көзөмөл системасы менен Subsurface аттуу сууда сүзүү жана пландоо программасын иштеп чыккан. "Linux өзөгүнүн кеңири колдонулушуна алып барган булагы ачык операциондук системаны жаратканы үчүн бааланып" ал Шинуя Яманака менен биргеликте 2012-жылы Финляндия технология академиясынын "Миң жылдыктын технологиясы" сыйлыгына татыктуу болгон. Андан тышкары ал 2014-жылы "Компүтердик технологиянын жол башчысы" сыйлыгын алган.

...

Торвалдс 1969-жылы Финляндиянын Хелсинки шаарында туулган. Ал журналисттер Анна жана Нилс Торвалдстардын уулу, статист Лео Торнквист жана акын Оле Торвалдстын небереси. Анын ата-энеси экөө тең 1960-жылдарда Хелсинки университетинин кампусундагы радикалдар болгон. Анын үй-бүлөсү швед тилдүү азчылыкка кирген. Торвалдска америкалык "Нобел" сыйлыгынын ээси, химик Лайнус Полиңдин аты берилген. Бирок ошентсе да "Төңкөрүш жасаган код: Linux жана булагы ачык көтөрүлүш" (англ. Rebel Code: Linux and the Open Source Revolution) аттуу китепте Торвалдстын мындай деп айтканы бар: "Чыт курсактар мультфильминдеги Лайнустун ысымы да мага берилген болсо керек деп ойлойм." Муну менен ал өзүн жарым жартылай "Нобел" сыйлыгын алган химик" жана "жууркан көтөрүп жүргөн мультфильмдин каарманы" деп белгилеген.

Торвалдс 1988-жылдан 1996-жылга чейин Хелсинки университетинде окуп, NODES изилдөө тобунда компүтер илимдери боюнча магистратурасын бүтүргөн. Ал 1-курста окуп аткан учурда Уусимаадагы фин аскер бөлүмүндө кызмат өтөй баштап, академикалык карьерасы үзгүлтүккө учурап калган. 1989-жылдын жай мезгилинде ал Финляндиядагы милдеттүү түрдөгү аскердик кызматын өтөш үчүн 11 айлык офицердик машыктыруучу программага жазылган. Аскерде ал баллистикалык эсептөө кызматкеринин милдетин аткарып, экинчи лейтенант наамын алган. Торвалдс компүтер илимдери боюнча профессор Эндрү Таненбаумдун "Операциондук системалар: Дизайн жана ишке ашыруу" аттуу китебин сатып алган. Китепте Таненбаум MINIX — Unixтин билим берүүгө ылайыкташтырылып кичирейтилген версиясы деп сүрөттөгөн. 1990-жылы ал университеттеги билимин улантып, биринчи жолу UNIXти ULTRIXте иштеген DEC MicroVAX формасында көргөн. Анын так илимдер боюнча жактаган магистрдик иши "Linux: Портативдик операциондук система" деп аталган.

Анын компүтерлерге болгон кызыгуусу Commodore VIC-20 менен башталган. 1981-жылы 11 жашында алгач BASIC менен программаласа, бирок кийин ал түздөн-түз 6502CPU машина кодуна өтүп кеткен. Ал ассемблер тилин колдонгон эмес. VIC-20дан кийин ал Sinclair QL сатып алган. Ал аны бир топ эле, айрыкча, анын операциондук системасын аябай өзгөртүп салган. Анткени ага Финляндияда программа табыш бир топ кыйынчылыктарды жараткандыктан QL үчүн Линус өзүнүн ассемблерин жана текст түзөтүүчүсүн (Pac-Man графикалык библиотекасы менен катар), ошондой эле бир нече оюндарды жасап алган. Ал Pac-Manдын Cool Man аттуу көчүрмөсүн жазганы менен белгилүү. 1991-жылдын 5-январында ал Intel 80386нын негизиндеги IBM PC сатып алган. Андан кийин MINIX көчүрмөсүн алып, бул өз кезегинде ага Linuxтун үстүнөн иш баштоого мүмкүнчүлүк берген.

Linuxтун биринчи прототиптери болсо ошол жылы кийинчерээк жарык көргөн (1991). 1.0 версиясы 1994-жылы 14-мартта жарыкка чыккан.

Компүтер илимдери боюнча окуган дагы бир швед тилдүү студент Ларс Вирзениус Торвалдсты Технология университетине программа гурусу Ричард Столлмандын сөзүн угуш үчүн алып баргандан кийин ал биринчи жолу 1991-жылы GNU долбоору менен таанышкан. Торвалдс өзүнүн Linux өзөгүнө Столлмандын GNU жалпы коомчулукка ачык лицензиясынын 2-версиясын (GPLv2) колдонгон.

1996-жылдын аягында Transmeta компаниясына барып келген соң Торвалдс Калифорниядагы компаниянын жумуш сунушун кабыл алып, ал жерде 1997-жылдан 2003-жылга чейин иштеген. Кийин ал Open Source Development Labs (OSDL) уюмуна которулуп кетип, андан кийин уюм Free Standards Group менен бириккен. Натыйжада Linux Foundation түзүлүп, Торвалдс анын колдоосу астында иштеп келет. OSDLдин Орегон штатынын Бивертон жергесиндеги башкы штабына жакын болуш үчүн Торвалдс үй-бүлөсү менен 2004-жылдын июнунда аталган штаттын Данторп жергесине көчүп барган.

1997-жылдан 1999-жылга чейин ал Linux жана Unix үчүн стандарттуу бинардык форматты тандоого жардам бериш үчүн 86open долбооруна катышып калган. 1999-жылы MIT Technology Review журналынын "TR100" тизмесинде 35 жашка чейинки дүйнөнүн 100 ойлоп табуучуларынын бири катары Торвалдстын ысымы аталган.

1999-жылы Linux программаларын иштеп чыгаруучу эки алдыңкы компания, Red Hat жана VA Linux жаратмандыгы үчүн ыраазычылык катары Торвалдска биржалык опциондорду сунуш кылган. Ошол эле жылы эки компания тең коомчулукка чыгып, ал эми Торвалдстын үлүшүнүн баасы убактылуу болжол менен 20 млн АКШ долларына чейин өсүп кеткен.

Анын жеке тумар белгиси Tux аттуу пингвин Linux коомчулугу тарабынан Linux өзөгүнүн тумар белгиси катары кеңири кабыл алынган.

Торвалдс "ачык булак программа жасоонун бирден бир туура жолу" деп ишенгени менен, ал проприетардык (автордук укугу сакталган) программаларды камтыса да "жумуш үчүн мыкты шайманды" колдоноорун айтат. Linux өзөгүндөгү версия көзөмөлү үчүн BitKeeper аттуу проприетардык программаны пайдаланганы жана ыктымал колдогону үчүн сынга кабылган. Торвалдс кийин BitKeeperдин ордуна Git деп аталган акысыз программа жазган.

2008-жылы Торвалдс Fedora чыгарган Linuxту пайдаланганын билдирген. Анткени ал PowerPC процессордук архитектурасын жакшы колдоп, ошол убакта ага оң көз карашта болгон. Анын Fedoraны колдонгону кийинчерээк 2012-жылы курган маегинде ырасталган. Ошондой эле ал кабылданган өзгөчөлүктөрдүн регрессиясына жооп катары иш такта чөйрөсүн тандаганы тууралуу жаңыртууларды чыгарып турган.

Учурда Linux Foundation Торвалдс Linuxту жакшыртып, толук кандуу иштеши үчүн ага демөөрчүлүк кылат.

Линус Торвалдс Linux өзөгүндөгү почта тизмеси боюнча башка иштеп чыгуучуларга макул болбогону менен белгилүү. Өзүн "чынында эле жагымсыз адам" деп атоо менен ал кийинчерээк "Мен жакшы адам болуп, аз каргап, алар акмактар деп айтуунун ордуна аларды өсүүгө үндөгүм келет. Кечирим сурайм, мен аракет кылдым, бул жөн гана менде жок" деп түшүндүргөн. Ойду ачык-айкын билдириш үчүн зарыл деп эсептеген Торвалдстын көз карашы башкалар менен катар Intel программисти Сара Шарп жана система иштеп чыгаруучу Леннарт Поттериң тарабынан сын-пикирге кабылган.

2013-жылы LinuxCon конференциясында Торвалдска "АКШ өкмөтү тарабынан Linuxка жашыруун жол киргизүү сунушу болгонбу?" деген суроо узаткан. Бөлмөдөн чыккан каткырыкка ал "жок" деп жооп берип, бирок башын ийкеп, "ооба" деп ишарат кылган.

Linus/Linux байланышы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Башында Торвалдс өзү иштеп чыккан өзөктү Freax (Unix сыяктуу система экенин көрсөтүп турушу үчүн "free" (эркин), "freak" (түрү суук, өзгөчө) жана акыркы тамгасы X (икс) сөздөрдөрүнөн куралган) деп атагысы келген. Бирок өзөктү жүктөп алыш үчүн жайгашкан FTP серверин башкарган анын досу Ари Леммке Торвалдстын көрсөткүчүн линукс (linux) деп атаган.

Ыйгарым укуктары жана соода белгиси

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2006-жылга карата, Linux өзөгүнүн болжол менен эки пайызы Торвалдс тарабынан жазылган. Linux өзөгүнө миңдеген адамдар салым кошкондуктан бул пайыздык көрсөткүч ага кошулган эң ири салымдардын бири болуп саналат. Бирок, ал 2012-жылы билдиргендей, өзүнүн жеке салымы учурда негизинен башкалар тарабынан жазылган коддорду бириктирүү менен биргеликте бир аз гана программалоо болуп калган. Торвалдс Linux стандарттык өзөгүнө кайсы жаңы код киргизилиши керек экенин чече турган эң жогорку ыйгарым укукка ээ.

Торвалдс "Linux" соода белгисине ээлик кылып, негизинен Linux Mark Institute аркылуу анын пайдаланылышын көзөмөлдөйт.