Липалар

Википедия дан
Tilia cordata.

Липалар (лат. Tiliaceae) — өсүмдүктөрдүн эки үлүштүүлөр классындагы тукуму.

Негизинен дарак, бадал, кээде бадалча жанa чөп. Жөнөкөй жалбыра­гы кезектешип жайгашкан. Гүлү 2 жыныстуу, туура түзүлүштүү. Ата­лышы көп, адардын жипчелери бош же 5-10 дон биригип өсөт. Мөмөсү — кутуча же жаңгакча. Тропик жана субтропикте 45ке жакын уруусу, анын 400дон ашуун түрү белгилүү.

Жут уруусунун 2 түрү атайын өстүрүлүп, жеңил өнөр жайда пайдаланылат. Алардын гүлдөрү балдуу, жыгачтары баа­луу. Кыргызстанда Липалар тукумунун 2 түрү өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.