Лирикалык проза

Википедия дан

Лирикалык проза – эпикалык тектин жана лириканын белгилерин өз ичине камтыган карасөз түрүндөгү чыгармалар. Эпиканын төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрүн камтыйт:

  • кандайдыр бир фабуланын берилиши;
  • кейипкерлердин көбүрөөк катыштырылышы;
  • мүнөз түзүүнүн элементтеринин болушу.

Ал эми лирикадан алган белгилери: баяндоочу субъектинин (автор, аңгемечи, каарман) катышуусу, айрым сөздөрдү өзгөчө бөлүп колдонуу, сүйлөмдөгү сөздөрдүн (ээ менен баяндоочтун) орун тартибин алмаштыруу, мында композициялык борбор катары баяндоочунун субъекти алынат. Эпикалык окуялар, мүнөздөр ар кандай ассоциацияларда, лирикалык чегинүүлөрдө чагылдырылат. Эмоциялуулук күчтүү көрүнөт.




Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз адабияты(энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004