Субъект

Википедия дан

Субъект (лат. subjectum – ээ, тийиштүү) – философиялык категория. Биричилерден субъект түшүнүгү (Аристотелде) касиет алып жүрүүнү белгилейт, аракет, абал бул мамиледе субстанция түшүнүгүнө шайкеш. 17-кылымдан баштап «субъект» гносеологиялык мааниде болуп колдонула баштады. Субъектини бүгүнкү күндөрү активдүү аракет жана билүүгө аракет жасаган эрктүү, аң-сезими бар адамды билебиз.

СубъективтүүГегелдин философиясынын категориясы; абсолюттук идеянын жаратылышта болушунун чектоосу, калыптануу этабын белгилейт качан карама-каршылыктан рухий мазмуну жана жаратылыш формасы (болмуштун идеядан сыртта болушу) рух жаралат же болбосо адам жана адамзат идеяны алып жүрүүчү катары. Рух өнүгүүнүн үч стадиясын басып өтөт: объективдүү рух, абсолюттук рух. Субъективтүү жекелик рух.

Субъективтүү идеализм – философиялык багыт; анын өкүлдөрү объективдүү дүйнөнүн бар болуусун же активдүү субъектинин аракетин толугу менен жактоочулар. Субъективтүү идеализмди сезүү, өмүр сүрүү, аракет, көнүмүш дүйнөнү тааныткан.

Субъективтүү фактор – тарыхта массалардын, класстардын, теориялардын жана жеке адамдын субъектинин ишкердүүлүгү объективдүү коомдук шарттардын сакталышы жана өнүгүүсү өзгөртүүгө багытталышы ар түркүн форма жана деңгээлдерди эсептейт.

Субъективизм – дүйнөгө көз карашынын позициясы, объективдүү чындыкка жакындоодон четтөө, жаратылыш менен коомдун объективдүү мыйзамын жоктоо. Субъективизм идеализмдин гносеологиялык бирден бир негизги бутагы. Субъективизм позиция катары жаратылыштын объектиси катары түшүнүү мүмкүн эместиги реалитивизм жана агностицизмге «субъективдүү караңгылыкка» чындыктан алысташына алып келет. Философия тарыхында Субъективизм өкүлдөрү Беркли, Юм, Фихте. Субъективизм элементтери иделизмдин Канттын философиялык окууларына мүнөздүү. 0551141020 чалгыла

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8