Лиро-эпикалык жанр

Википедия дан

Лиро-эпикалык жанр — коомдук турмушту эпикалык жана лирикалык сүрөттөөнүн жуурулушунан жаралган көркөм чыгарманын бир түрү. Ал ыр түрүндө болот. Анын жанрдык негизги өзгөчөлүгү турмуш көрүнүштөрү эпикалык мүнөздө баяндалуу менен каармандардын ички сезимдери, санаркоолору лирикалык сүрөттөөлөргө тыгыз айкалышта келгендигинде. Адатта мындай чыгармаларга поэмаларды, ыр менен жазылган романдарды киргизет. Мисалга Аалы Токомбаевдин «Таң алдында», «Өз көзүм менен», «Комуз күүсү», Т. Үмөталиевдин «Кубат», «Ак алтын жөнүндө ыр», С. Эралиевдии «Ак Мөөр», К. Маликовдун «Көл жээгинде кездешүү», А. Токтомушевдин «Сүйүү жана коркунуч», «Алтын тоо» деген чыгармаларын келтирүүгө болот. «Олжобай менен Кишимжан», «Жаңыл Мырза», «Ак Мактым» эпосторун да лиро-эпикалык жанрга киргизүүгө болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]