Лискун, Ефим Федотович

Википедия дан

Лискун, Ефим Федотович [14(26). 10. 1873, Черновиц обл., Хотин району, Атаки кыш.— 19. 4. 1958, Москва] — мал чарбасы боюнча көрүнүктүү сов. илимпоз, ВАСХНИЛдин акад, (1934), РСФСРдин илимге эмг. сиц. ишмери (1934), 1900-ж. Москва айыл чарба институтун бүткөн.

  • 1906-жылдан Стебут курсунун, 1918-жылдан Петрограддагы Токой институтунун, 1923-жылдан К. А. Ти­мирязев атн. Москва а. ч. академиясынын проф. Лискун — сов. зоотехния илимин негиздөөчүлөрдүн бири.
  • Анын негизги эмгеги ата мекендик мал породаларын изилдөөго жана өркүндөтүүгө арналган. Москва областынын кой колхозунда тажрыйба өткөрүп (1936), уйдун сүттүүлүгүн 2—3 эсе арттыруу мүмкүндүгүн далилдеген.
  • СССРдеги уйлардын жерг. породаларын мүнөздөп, краниологиялык изилдөө системасын иштеп чыккан.
  • 1929-ж. Лискундун жетекчилиги менен кыргыз ноопастары бордолуп, 24 айлыгында орт. тирүү салм. 445 издан айланган.
  • СССР мамл. сыйл. (1943) лауреаты. Төрт Ленин ордени, үч Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.
  • Москвадагы мал чарба музейине Л-дун ысмы коюлган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.