Литера

Википедия дан

Литера (лат. lit (t) era — тамга) — бир капталында тамга же белгинин томпок сүрөтү (очкосу) бар тик бурчтуу сандыкча (металл, пластмасса, жыгач).

Анын бир бетиндеги томпок сүрөттөн полиграфиялык жол менен тамга же белги басылып алынат. Басуу кезинде очкого боёк сүйкөлүп, тагы кагазга түшөт. Металл Литера чыдамдуу болгондуктан коп колдонулат. Литера басмаканалык куймалардан алы­нат. Литеранын кегели менен калыңдыгы ар түрдүү өлчөмдө. Бардык Литералардын бийиктиги бирдей жасалат. Литера шрифт куюучу машина аркылуу куюп алы­нат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.