Лихолетов Григорий Антонович

Википедия дан

Лихолетов Григорий Антонович (1915, азыркы РФ, Оренбург облусу, Элек району, Кардайыл айылы – 1985, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Григорьевка айылы) – механизатор, Социалистик Эмгектин Баатыры (1970). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1958-жылдан Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы «Новая жизнь» колхозунун комбайнчысы, 1960- жылдан трактор-талаачылык бригадасынын бригадири болуп иштеген. Ал башкарган бригада мыкты ийгиликтерге жетишкен. Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7