Лициний жана Секстий закондору

Википедия дан

Лициний жана Секстий закондору - Байыркы Римде б. з. ч. 367-ж. плебейлердин таламын жактаган эл трибундары Г. Лициний Сто­лон менен Л. Секстий Латеран кабыл алган закондор.

  • Биринчи закон боюнча карыздар жарым-жартылай алынып салынган, калганы карыздарлар үчүн ыңгайлуу шартта төлөтүлгөн;
  • 2-законго ылайык 500 югерден ашпаган (1 югер —2500) жер ээлөөгө тыюу салынган;
  • 3-закон боюнча консулдардын бири сөзсүз плебей болгон (б. з. ч. 366-ж. Л. Секстий Лате­ран плебейлерден чыккан 1-консул болгон).

Лициний жана Секстий закондору патрицийлер менен плебейлердин 10 жыл бою айыгышкан күрөшүнөн кийин кабыл алынган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.