Лобанов Павел Павлович
Көрүнүш
Лобанов Павел Павлович [2(15). 1. 1902-ж. т., азыркы Москва обл., Дмитров району, Старо кыш.] — сов. мамлекеттик ишмер, айыл чарба боюнча илимпоз-экономист, ВАСХНИЛднн акад. (1948) жана анын президента (1956—61 жана 1965—78).
- Социалисттик Эмгектин Баатыры (1971).
- 1927-жылдан КПСС мүчөсү.
- 1925-ж. К. А. Тимирязев атн. Москва айыл чарба академиясын бүтүргөн.
- 1936— 37-ж. Москва жер жайгаштыруу институнун кафедра башчысы.
- Воронеж айыл чарба институтунун ректору (1937), РСФСР жер иштер эл комиссарынын орун басары (1937—38) жана эл комиссары (1938), СССРдин жана мал чарба совхоздорунун эл комиссары (1938—46).
- СССР айыл чарба министринин биринчи орун басары (1947—53).
- РСФСР Мин. Советинин председателинин биринчи орун басары жана РСФСР айыл чарба министри.
- СССР Мин. Советинин пред-линин орун басары (1955—56).
- СССР мамл. пландоо комитетинин орун басары (1961)
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.