Логан Хендерсон

Википедия дан
Логан Хендерсон
Жалпы маалымат
Аты жөнү: Логан Хендерсон
Туулган жылы: 1989-жылы 14-сентябрь 1989-жыл
Туулган жери: Даллас, Техас,Америка Кошмо Штаты
Өлкө: Америка, Лос-Анджелес
Ишмердүүлүгү: актер ырчы
Жанры: комедия, сериал

Логан Хендерсон (англ. Logan Henderson) Америка Кошмо Штатындагы белгилүү жаш ырчы жана актер мырза.

Кыскача өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Логан Америка Кошмо Штатындагы Техаста төрөлгөн. Хендерсон бала чагынан баштап эле шоу-бизнеске аралашууну каалачу, бирок, айласын канча издесе да таба албай келген. 16 жашында кокусунан өзүнүн шаарындагы студияга барып калып, ошол жерден киного болгон сүйүүсү күч алган.

Логан дайыма катуу спорттун түрлөрүнөн ырахат алат. Мисалы: сноуборд, хоккей ж.б спорттун түрлөрүн жакшы көрөт.
Логан азыркы учурда Калифорнияда жалгыз жашайт. Мурун 16 жашка чыккыча Техаска ата-энеси менен барып келсе, азыр өзү жалгыз бара алат.
Биринчи жолу Sony Music Entertainment жана Columbia Records студиясы биригип тарткан "Big Time Rush" фильмине тартылууга контракт түзөт. Музыкалык фильм болгондуктан, бат эле адамдардын сүйүп көргөн фильмине айланып, фильмдин катышуучулары өз алдынча музыкалык группа түзгөнгө жетишет. Ырлары эл аралык денгээлде алдынкы орундарды ээлей алган. Биринчи альбому "BTR" деп аталса, экинчиси "Elevate" деп аталат. Ошондой эле "Super Star", "Love me, love me", "With you" деген фильмдерге да тартылган.

Биринчи тажрыйбасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анын камера алдындагы эң биринчи тажрыйбасы Nickelodeon телеканалы тарткан "Жума күндүн түнкү жалыны" комедиясы болгон. "Бул менин тасмага алуу аянтындагы эн бактылуу күндөрүмдүн бири" - деп, эскерет Хендерсон.

"Big Time Rush" сериалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Хендерсон бул сериалдын жана ушундай аталыштагы мзыкалык топтун - "мээси". Анткени, башка группанын мүчөлөрүнө караганда университетте жакшы окуган, ошондой эле группада кандай гана маселе болбосун дайыма Логан чечет.

Жашоосу тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Хендерсон ырдаганды жакшы көрөт, бирок, өзүн такыр ырчы деп эсептебейт. Өзүнүн берген интервьюларында ал дайыма бийге жакын экенин айтат. Профессионалдуу бийчилердей боло албаса дагы, эл кыла албаган өзгөчө кыймылдарды кыла алат. Ошондой эле, сноуборд жана скейтборддордо да адамдарды тан калдыра алат.
Азыркы учурда ата-энеси менен улам көчүп жүрбөй Лос-Анжелес шаарына биротоло отурукташкан.

Кызыктуу фактылар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Логан Хендерсон

Логан спорттун түрлөрүнөн ырахат алганды жана "Гари Поттерди" жакшы көрөт

Бала чагынан баштап белгилүү актрисалар - Селена Гомез жана Деми Ловато менен дос.

Жакшы көргөң өңү - кызыл жана көк, ал эми жаныбары - ажыдаар.

Ал киного тартылып же ырдап жатса, эн биринчи күйөрмандары жөнүндө ойлонот.

Логан Бразилия жана Австралияга барууну көптөн бери самап келет.

Топтогу Кендал менен топко келгиче эле жакшы достордон болчу.

Тамакты даамдуу жасай албайт, бирок, дүйнөдө өзүндөй даамдуу алма пирогун эч ким жасай албасын ишендирип айта алат.

Жакшы көргөн каарманы - Бетмэн

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]