Логикалык талдоо философиясы

Википедия дан

логикалык талдоо философиясы – аналитикалык философиянын агымы, ал философияны тил менен азыркы учурдагы формалдуу (математикалык) логиканын каражаттары аркылуу аны пайдаланууда келип чыгуучу проблемаларды Логикалык талдоого ыйгарат. Логикалык талдоо философиянын пайда болушу жана өнүгүшү илимдерди математикалаштыруунун ургаалдуу процесси жана логикалык формалдаштыруу методдорунун өнүгүшү, ошондой эле ушул методдордун жардамы менен салттык философиялык проблемаларды чечүүгө болгон аракеттер менен байланышкан логикалык-методологиялык проблематикага кызыкчылыктын жогорулашы менен шартталган. Бул проблематиканы изилдөө, ошондой болсо да философиянын дүйнө таанымдык маанисин позитивисттик тануу менен Логикалык талдоо философиясына байланыштуу болуп чыккан. Логикалык талдоо философиянын негизги идеясы биринчи жолу ар кандай илимий ой жүгүртүлгөн философиялык проблема маңызы боюнча формалдуу-логикалык проблема болот деген тезисти сунуш кылган Рассел тарабынан түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8