Логос

Википедия дан

логос (грекче – logos) – байыркы грек философиясынын термини, ал бир эле учурда «сөз» жана «маани» дегенди туюнтат; бул учурда «сөз» сезүү үндүк эмес, маанилик планда гана алынат, бирок «маани» кандайдыр бир кубулуштук, таризделген жана ошончолук «сөздүү» катары түшүнүлөт. Логос – бул дароо жана обьективдүү берилген мазмун, мында акыл отчет бериши керек жана бул өзү акылдын отчет берүүчү иш-аракети жана акырында болмуш менен аң-сезимдин өтмө маанилик ирети; бул дүйнөдөгү жана адамдагы бардык отчетсуздук менен сөзү жоктук, жоопкерсиздик жана жоопкерчиликсиздик, маанисиздик жана формасыздыктын карама-каршылыгы. Логос терминин философияга Гераклит киргизген.

Колдонулган адабияттар

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8