Локсиас калдырканы

Википедия дан

Локсиас калдырканы (Parnassius (Kailasius) loxias Pңngeler, 1901 ssp. Tashkorensis), (Kreuzberg, 1984) - Монофагдуулук, анда-санда кездешүүсү жана популяциянын санынын аздыгы, жалпы саны төмөндөбөсө да коркунуч туудуруп турат. Kail asius түркүмчөсүнүн өтө сейрек кездешкен 3 түрдүн бири (Кыргызстанда 2 түрү кездешет). Көпөлөктөрдүн арасында өтө кооз жана баалуу түр. ==Түрдүн жетилген стадиясынын сырткы түзүлүшү==Ортодон чоңураак көлөмдөгу көпөлөк, алдынкы канатынын узундугу 33–35 мм. Канаттарынын жалпы түсү ак. Алдыңкы канатында эки кара тагы ортосуна жана жогору жагына чейин туурасынан кесип өтөт, алды жагында эки ачаланып, ичкиси кичирейип кетет. Эки канатынын четтери айнектей тунук. Арткы канатында эки кичине тегерек, ичке кара түс менен курчалган эки көзчөлүү. Бозомук тарткан арткы канатынын субмаргиналдуу тасмасында катарынан жайгашкан, ички жагы көк түстөгү 4–6 кара көзчөлөрү бар. Ал эми төмөн жагын карай эндүү тилке кетет. Мурутчалары төөнөгүчтөй, узундугу алдынкы канатынын узундугунун үчөөнө жакын. Тулкусу ичке, кара, эркектериники узун агыш түктүү. Ургаачыларында копуляциядан кийин курсагынын аяк жагында агыш өсүндү сперматофрагма пайда болот. Жыныстык диморфизм начар өнүккөн.

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түр дизңюнктивдүү, өтө тар ареалда чачыранды таралган, номинативдүү түрчөсү Кыргызстан менен Кытайдын чектеш аймактарында белгилүү кездешет . Түрчө P. l. raskemensis Батыш Кун-Лундан табылган бир ургаачысы боюнча жазылган (Кытай), анын жердеген жери анык эмес. P. l. tashkorensis Кыргызстанда гана Сарыжаз бассейнин сол аймагында, Кайыңды-Катта жана Эңгилчек тоо кыркаларынан үч популяция белгилүү.

Жашаган аймактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Деңиз деңгээлинен 2500–3100 м бийиктиктеги чыгыш орто тоолордун таш- чополуу вертикалдуу, тик кургак беттеринде тоют өсүмдүктөрү өскөн жерлерге байырлашкан . ==Саны== Массалык учуу мезгилинде жашаган жерлеринде 1000 м2 аянтта 1–3 чейин кездешет, ал эми түрчө жердеген жалпы аянт 20 км2 жетет. ==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Моноволңтивдүү түр. Гусеницалары жумуртка кабыгын таштабастан биринчи жылында кыштайт . Аларга түнкү жашоо-тиричилик мүнөздүү. Corydal i s krasnovi Mikhailova жалбырактары менен тамактанышат, күндүз таштардын алдыларында бекинишет . Имагосунун учуусу төлдөгөн жерлеринде июндун ортосунан августун ортосуна чейин: көпөлөктөр көбүнчө түш чендерде активдүү, жапайы пияздын (Al l ium) жана татаал гүлдүүлөрдүн ( Sonchus, Cent au rea, L i gul aria) ширеси менен азыктанат. Ургаачылары жумурткаларын азык өсүмдүктөрүнүн түптөрүндөгү таштарга таштайт.

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Отурукташкан жерлеринен жылбай миграцияга жөндөмсүздүгү , популяциялардын чачырандысы, жердеген жерлеринин аянтынын тарлыгы жана гусеницаларынын монофагдуулугу. Тоют өсүмдүктөрүнүн популяциялары эрозиялык коркунуч зонасында, биотоптору да жайыт коркунучунда турушу, тоо-кендерин иштетүү жана башкалар. Табигый душмандары, атаандаштары жана оорулары изилденген эмес. ==Көбөйтүү (колдо багуу)==Жүргүзүлгөн эмес.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Иштелип чыккан эмес. Азыркы кезде түр жердеген жерлери корголбойт. ==Коргоо үчүн зарыл аракеттер==Популяциялардын репродуктивдик потенциалын билүү үчүн жердеген жерлерине микрорезерваттарды түзүү, мониторинг жүргүзүү жана өсүмдүктөр коомчулугуна жасалган басымды тартипке келтирүү зарыл. Ареалын кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн аныктоо, ошондой эле жасалма байырлаштырууну колдонуу максатка ылайык.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

II категория (VU B1ac(v)+2ab(iii)c(v); D2). Обочолонгон өтө локалдуу, чачыранды таралган түрдүн түрчөсү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]