Лоренц Хендрик Антон

Википедия дан

Лоренц Хендрик Антон (Лорентц, 18.7.1853, Арнем – 4.2.1928, Харлем) – нидерланддык физик, Петербург ИАнын чет элдик корреспондент мүчөсү (1910) жана СССР ИАнын чет элдик ардактуу мүчөсү (1925), профессор (1878). Лейден университетинде билим алган (1870–72). 1923-жылдан Харлемдеги Тейлор ИИИде директор болгон. Лоренц өзүнүн докторлук диссертациясында жарыктын чагылуу жана сынуусун Максвеллдин электр-магниттик теориясында караган жана эки чөйрөнүн кесилишинде 4 шарт пайда болорун көрсөткөн. Электрондук теориянын жардамы менен Лоренц металлдын жылуулук жана электр өткөрүмдүүлүк коэффициенттеринин ортосундагы байланышты, Холл, Керр эффекттерин жана башка көптөгөн кубулуштарды түшүндүргөн. Лоренц – өзгөртүп түзүү жана кыймылдуу чөйрөнүн электр-динамикасынын автору. 1895-ж. «жергиликтүү убакыт» түшүнүгүн киргизип, бир калыпта түз сызыктуу кыймылдаган эсептөө системасы үчүн Максвелл теңдемелери болжолдуу туура экендигин далилдеген. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1902, П. Зееман менен бирге).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7