Лотостор

Википедия дан
Nelumbo nucifera.

Лотостор (лат. Nelumbo) – эки үлүштүү өсүмдүктөр катары (Nelumbonales) жана жалгыз тукуму (Nelumbonaceaе). Сырткы кебетеси кумара гүлдүүлөргө окшош. Алардан чаңча бүртүгү, гинецейлери жана башка органдарынын түзүлүштөрү менен айырмаланат. Алардын түпкү теги жалпы болушу мүмкүн деп божомолдонот. Лотостор тукумунун 1 уруусу 2 түрү (жаңгакчалуу жана сары лотос) бар. Лотостордун жалбырагы ири, калкан сымал, суу үстүндө калкып жүрөт. Гүлү чоң, 2 жыныстуу жалгыз гүлү узун гүл сабагында жайгашкан, желекчелери менен энелиги көп. Мөмөсү конус сымал, бир нече жаңгакчалуу. Жаңгакчалуу лотос Түштүк-Чыгыш Азия, Түндүк-Чыгыш Австралия, Европанын түштүгүндө, Ыраакы Чыгышта кездешет, ал эми Закавказьеде сейрек кездешүүчү реликт түрү бар. Сары лотос Атлантика жээктеринде, Түндүк жана Борбордук Америкада, Гавайи, Ялта аралында өсөт. Булар тамак-аш, дары катары колдонулат. Лотостордо С витамини жана каучук болот. Уругу, тамыры, сабагы – малга тоют.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7