Лоуренс Жон Фишборн

Википедия дан

Лоуренс Жон Фишборн III (англ. Laurence Fishburne;1961-жылдын 30-июлунда туулган) - америкалык актер, драматург, режиссер жана продюсер. Ал "Матрица" (англ. The Matrix) үчилтигинде Морфеустун, "Коңшу балдар" (англ. Boyz n the Hood, 1991) тасмасында "Ачуулуу" Жейсон Стайлстын, "Бүгүн кыямат" (англ. Apocalypse Now, 1979) тасмасында "Таза" Тайрон Миллердин ролу менен таанымал болгон.

У. Шекспирдин чыгармасынын негизинде чоң студияда тартылган режиссер Оливер Паркердин "Отелло" (англ. Othello) тасмасынде башкы каармандын ролун ойногон биринчи африкалык-америкалык актер болуп калды. "Аны менен сүйүүнүн эмне иши бар" (англ. What's Love Got to Do With It) тасмасындагы Айк Тернердин ролу үчүна актер "Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты актер" номинациясына көрсөтүлгөн. "Эки поезддин жарышы" (англ. Two Trains Running, 1992) пьсеасындагы оюуну үчүн "Эң мыкты актер" номинациясында Тони сыйлыгын алган. "Трибека" (англ. TriBeCa, 1993) драмасындагы ролу ага "Драмага чакырылган эң мыкты актер" номинациясында "Эмми" сыйлыгын ыйгарган.

Фишборн "Терең максат менен" (англ. Deep Cover) жана "Нү-Йорк падышасы" (англ. King of New York) деген классикалык- культтук тасмаларында ойногон. 2008-жылдан 2011-жылга чейин "C.S.I.: Кылмыш жайы" (англ. CSI: Crime Scene Investigation) тасмасында доктор Рэймонд Лэңстондун, 2013-жылдан 2015-жылга чейин "Ганнибал (Киши жегич)" (англ. Hannibal) триллеринде Жек Кроуфорддун ролун аткарган. 2013-жылы "Болот адам" (англ. Man of Steel) деген режиссер Зак Снайдердин фантастикалык боевик тасмасында Перри Уайттын ролун аткарса, 2016-жылы "Бэтмен суперменге каршы: Адилеттүүлүк таңында" (англ. Batman v Superman: Dawn of Justice) тасмасында дагы катышкан.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]