Лубумбаши шаары

Википедия дан

Лубумбаши шаары (1966-ж. чейин Элизабетвиль) – Конго Демократиялык Республикасынын (Заир) түштүк- чыгышындагы шаар. Шаба облусунун административдик борбору. Калкы 1,6 млн (2010). Эл аралык аэропорту бар. Жез эритүүчү, текстиль, химиялык өнөр жай ишканалары иштейт. Университет, Борбордук Африка өнөр жай изилдөө борбору, Африка этнографиясын жана африкалыктардын тилдерин окуп-үйрөнүү борбору бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7