Луноход

Википедия дан
Луноход (1996).

Луноход - айда өзү жүрүүчү аппарат – айдын бети бонча өзү жүрүүчү жана иш аткаруучу автоматтык же башкарылма түзүлүш.

Айда өзү жүрүүчү 1-автоматтык Жерден башкарылма аппарат-советтик «Луноход-1» (1970) болгон. 1970 – 75-жылдары советтик эки луноход учурулган. Анын салмагы 840 кг болуп, 1 жылга жакын иштеген. «Луноход-1» 80 000 м2 Айдын бетин так изилдеген. Жерге 20 000ден ашык сүрөттү телесистема аркылуу берген.

1971–72-жылдары Айга «Аполлон-15-, 16- жана 17» космос кемелери менен 3 «Ровер» жеткирилген. Ал астронавттардын иштерин кыйла жеңилдеткен, конгон жерден 27–35 км аралыкка алыстоого мүмкүнчүлүк болгон. Луноход – планетоходдордун бир түрү. Азыр Марста жүрүүчү аппараттын долбоору бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
  • Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов