Лущихин, Михаил Николаевич

Википедия дан
Лущихин Михаил Николаевич

Лущихин Михаил Николаевич (1905, Москва облусу, Рузе ш. — 1978, Бишкек ш.) — кой чарбасы, генетика, мал чарбасы жана селекция боюнча илимпоз, айыл чарба илимдерини доктору (1961), профессор (1962), Кыргызстан ИАнын академиги (1969; корреспондент мүчөсү, 1954). ВАСХНИЛдин корреспондент мүчөсү (1956). Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1947).
1930-ж. Москва зоотехния институтун бүтүргөн.

1932-жылдан Кыргызстанда — Кыргызстан айыл чарба институтун уюштуруучуларынын бири. 1936-жылдан анын зоотехния кафедрасынын башчысы, 1943—54-ж. институтун директору. Анын жетекчилиги жана демилгеси менен республикага уяң жүндүү кочкорлор алып келинип, койду колдон уруктандырууну жүргүзүүдүн натыйжасында республикадагы кылчык жүндүү кой чарбасы өзгөргөн. Анын жетекчилиги жана катышуусу менен кыргыз уяң жүндүү кою чыгарылган.
Лущихиндин илимий эмгектери уяң жүндүү койду тоо шартында, дың жерде өстүрүү, породалык сапатын жакшыртуу, генетика, селекция жана башка арналган. Лущихин Республиканын бардык райондорунда иштегени менен Талас өрөөнүнүн адистери жана чабандары менен көп иш жүргүзгөн. «Жоон-Дөбө» заводунда (Кара-Буура району) анын жетекчилиги менен кыргыз уяң жүндүү кою чыгарылып, бул чарбадан Республиканын бардык районндоруна тараган. Орто эле Талас өрөөнүндөгү «Россия», «Көк-Сай», «Үрмарал», «Күмүштак» жана башка чарбаларда болуп, көп эмгек сиңирген. Көп жылдар бою Т. Досбергенов, Б. Айтбаев, В. Машаев, И. Барпиевдер менен иштеген. Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин депутаты (1971—78). Ленин ордени, 2 Эмгек Кызыл Туу, Эл достугу, 3 «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.

Орус жана кыргыз тилдериндеги эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз уяң жүндүү кою. — Б.: 1958;
Кыргызстандагы уян жүндүү кой чарбачылыгы. — Б.: 1959;
Вопросы генетики и селекции овец. — М.: 1974.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.