Льюис Артур

Википедия дан

Льюис Артур (23. 1. 1915, Батыш Британия Сент-Люсия аралы, Кастри, – 15. 6. 1991, Барбадос, Бриджтаун) – англиялык экономист, Нобель сыйлыгынын лауреаты (1979). 1937-ж. Лондон экономика мектебин аяктаган. Лондон университетинде мугалим, илимдин доктору (1940). 1948-ж. Манчестер унтинин профессор 1950–70-жылдары БУУнун өнүгүп жаткан өлкөлөр боюнча адиси, Гана өкмөтүнүн кеңешчиси жана Юниверсити коллежинин ректору болуп эмгектенген. 1963–83-ж. Пристон университетинин профессору 1970-ж. Барбадосто Кариб өнүгүү банкын негиздеген. Льюистин эмгектери экономикалык анализдин жалпы проблемаларына, үчүнчү дүйнө өлкөлөрүнүн экономикасына, экономикалык өсүүгө арналган. «Дуалдык экономика» концепциясынын автору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7