Льянос-Ориноко

Википедия дан
Льянос (Колумбия‎).

Льянос-Ориноко (Lianos del Orinoco) – Түштүк Американын түндүк-чыгышындагы табигый аймак. Колумбия менен Венесуэлага карайт. Ориноко дарыясынын сол жээгинде; Анд тоолору, Гвиана бөксө тоосу менен Гуавьяр дарыясынын (түштүгүндө) аралыгында жайгашкан. Узундугу 1400 км, жазылыгы 400 км. Түздүктүү рельеф басымдуу. Климаты субэкватордук, ысык, жайы нымдуу, кышы кургак (жылдык жаан-чачыны 1000–1600 мм). Саванна өсүмдүктөрү өсөт. Экстенсивдүү мал чарбасы (бодо мал) өнүккөн. Жүгөрү, шалы, гозо жана башка айдалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7