Любеч съезди

Википедия дан

Любеч съезди (1097) — орус княздарынын Днепрдеги Любеч шаарында өткөн жыйыны.

  • Удел үчүн чабышты токтотуу жанаа Русту бүлүнткөн кыпчактарга каршы биргелешип күрөшүү жөнүндө сүйлөшүүгө 6 князь чакырылган.
  • Жашы улуу Святополк Изяславичке Киев, Туров, Пинск жери менен кошо улуу князь титулу ыйгарылган, калган княздарга тиешелүү жер берилген.
  • Бирок съезддин бүтүмдөрү ишке ашырылчудай шарттар түзүлгөн эмес.
  • Съезд бүтөөр менен эле Давид Игорович князь Василько Ростиславичти сокур кылып, натыйжада княздардын ич ара согушу кайра башталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.