Люблин униясы

Википедия дан

Люблин униясы – Польша менен Улуу Литва княздыгын бир мамлекетке – Речь Посполитага бириктирүү жөнүндөгү макулдашуу. Ал 1569-ж. январда Люблин шаарында поляк жана литва феодалдарынын жалпы сейминде каралып, 1569-ж. 28-июнда кол коюлган. Люблин униясы боюнча Польша менен Литванын мамлекеттик түзүлүшү жана акча системасы бирдей, жалпы сейми болушу белгиленген. Речь Посполитаны поляк жана литва феодалдары биргелешип шайлаган король башкарган. Люблин униясы Улуу Литва княздыгынын бир бөлүгү Польшага кошулгандыгын ырастап, Ливонияны жалпы ээлик деп жарыялап, ич ара бажыны жойгон. Бирдиктүү мамлекет катары Речь Посполита эл аралык аренага чыкса да, Литвада мыйзам чыгаруу, сот, жогорку администрация, казына, аскер жана башка кызматтар сакталып, орус (беларус) тили расмий тил болуп калган. Мамлекеттин бул белгилери 17–18-кылымдын аралыгында жоюлуп, Люблин униясы өз күчүн 1795-ж. чейин сактаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7