Мазмунга өтүү

Люминесценция

Википедия долбоорунан

Люминесценция (лат. luminis ― жарык жана escent — начар аракет дегенди билдирүүчү суффикс) ― нерсенин жылуулук нурлануусунан арбын болгон жана жарык толкунунун термелүү мезгилинен кыйла узак убакытка созулган жарык чыгаруусу. Люминесценциянын нурлануусу көрүнгөн ультракызгылт көк жана инфракызыл диапазонунда жатат. Люминесценциянын жаратылышта байкалган кубулуштарына — түндүк жаркыроосу, кээ бир курт-кумурсканын, минералдардын, дарактардын чирүүсүндөгү жаркыроосу мисал боло алат. Люминесценция дүүлүгүү тибине, энергиянын айлануу механизмине, жаркыроо убактысына жараша класстарга бөлүнөт. Дүүлүгүү түрүнө жараша фотолюминесценция, радиолюминесценция, электролюминесценция, триболюминесценция, хемилюминесценция болуп айырмаланат. Жаркыроо узактыгы боюнча флуоресценция (тез өчүүчү) жана фосфоресценция (узак люминесценция) болуп бөлүнөт. Элементардык процесстердин механизми боюнча резонанстуу, спонтандуу, аргасыз рекомбинациялуу люминесценцияга айырмаланат.

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7