Лю Ян

Википедия дан
Лю Ян
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Лю Ян
Атынын ханзуча жазылышы: 刘洋
Туулган жылы: 1978-жыл, тогуздун айы
Туулган жери: Zhengzhou / Линьчжоу, Хэнань вилайети
Өлкө: Кытай желеги Кытай Эл Республикасы
Кесиби: Учкуч, тайконавт (астронавт)
Аскер чини: майор
Альма-матер: Чанчунь шаарындагы аскер аба күчтөрүнүн окуу жайы
Партиялуулугу: Кытай Компартиясынын мүчөсү
Космоско учкан тобу: Шэньчжоу-9 (2012-жыл)

Лю Ян (ханзуча 刘洋; латын арибинде Liú Yáng; 1978-жыл, октябрь (тогуздун айы), Линьчжоу, Хэнань вилайети, Кытай) — ханзу тегиндеги кытайлык учкуч айым, алгачкы кытайлык астронавт айым, төртүнчү даражадагы космонавт.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кытайлык туңгуч тайконавт айым Лю Ян 1978-жылы октябрда (тогуздун айында) КЭРдин Хэнань вилайетиндеги Линьчжоу жергесинде ханзу тегиндеги үй-бүлөдө туулган.

КЭРдин түндүк-чыгышындагы Чанчунь шаарында аскер аба күчтөрүнүн окуу жайын аяктап, аскердик учкуч болуп калган.

2001-жылы май (бугу) айында Кытай Компартиясына мүчө болуп кирген.

Лю Ян айым Кытай улуттук боштондукка чыгаруу армиясынын Куралдуу күчтөрүнүн майору. Экинчи даражадагы учкуч.

Лю Ян айым 2012-жылы 16-июнда Кытайдын “Шэньчжоу-9” космос кемеси менен орбитага аттанган кытайлык үч тайконавттын бири болуп калды.

Ал бул курамда медициналык-биологиялык жана башка илимий сыноолор үчүн жооптуу болду.

Эгерде Лю Ян катышкан бул космостук сапар ийгиликтүү аяктаса, анда Кытай космос мейкиндигине астронавт аялды өз алдынча ийгиликтүү жөнөткөн мурдагы СССР менен АКШдан кийинки үчүнчү өлкө болуп калат.

1963-жылы (49 жыл илгери) дал ушул 16-июнда дүйнөдөгү биринчи космонавт аял – советтик атуул Валентина Николаевна Терешкова космоско учкан болчу.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Лю Ян турмушка чыккан, бирок азырынча балдары жок.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]