Ляохэ түздүгү

Википедия дан

Ляохэ түздүгү, Түштүк Манжурия ойдуңу – Сунляо түздүгүнүн бир бөлүгү; Кытайдын түндүк-чыгышында. Узундугу 360 км, туурасы 120 кмге жетет. Негизинен Ляохэ дарыясынын аллювий тектеринен турат. Аймагында бийиктиги 580 мге жеткен айрым калдык тоолор (Дахэшань тоосу) көтөрүлүп жатат. Климаты муссондук, кышы мелүүн суук, жайы ысык, жаан-чачын көп жаайт. Жылдык жаан-чачыны 600– 700 мм. Гаолян, соя, чумиза айдалат. Табигый өсүмдүктөрү (бозомук күрөң топурактуу кургак талаа) жокко эсе. Ляохэ түздүгүндөгү ири шаарлар – Шэньян, Аньшань.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7