Ляпунов теоремасы

Википедия дан

Ляпунов теоремасы - ыктымалдык теориясында көз карандысыз кокус чоңдуктардын суммасынын бөлүнүштөрүнүн жыйналгычтыгы үчүн жалпы жетишерлик шартты аныктай турган теорема; ыктымалдык теориясынын негизги - жеткен чек теоремасы. Аны 1901-ж. А. М. Ляпунов далилдеген жана Ляпунов шарты деп аталып, кийин аны кеңейтүүгө зарыл жана жетиштүү шарттар табылган. Ляпунов теоремасына байланыштуу маселелерди орус математиги С. Н. Бернштейн, америкалык математик В. Феллер толук чечишкен. Ляпунов теоремасында биринчи жолу мүнөздөгүч функциянын методу иш жүзүндө көрсөтүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7