Мааткеримов, Асыранбек

Википедия дан

Мааткеримов Асыранбек, Кыргыз ССРинин мектептерине эмгек сиңирген мугалим, педагог.

Асыранбек Мааткеримов Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ак-Чий айылында 1927-жылдын 5-майында жарык дуйного келген. 1945-жылы Нарын шаарындагы 10 айлык мугалимдерди даярдоо курсунун физика-математика факультетин бутуруп, эмгек жолун ошол эле жылы «Кашат» толук эмес орто мектебинде мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1949-жылы Нарын педагогикалык окуу жайынын физика-математика факультетин, 1970-Фрунзе шаарындагы педагогикалык институттун педагогика жана башталгыч класстардын методикасы факультетин сырттан окуп бутургон. Асыранбек Мааткеримов кийин «Ак-Чий», «Оро-Башы»,«Ворошилов» атындагы, «Кум-Дөбө», «Төлөк», «Ак-Учук» орто мектептеринде башталгыч класстарды окутуп, физикадан сабак берип иштеп, районду дээрлик бир сыйра кыдырып чыкты. Көрсө башкаларчылап «андай-мындай» деп шылтоо айтканды да билчу эмес экен, жиберген жагына аныйы жок кете берчу тура. Ал ошол эле мезгилде өз билимин жогорулатуу учун көп аракеттерди жасады. 1962-1992-жылдары «Эпкин» орто мектебинде башталгыч класстардын мугалими, ошол эле учурда тарбия иштеринин уюштуруучусу, кийин окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп журуп, 1993-жылдан баштап республикалык денгээлдеги персоналдык пенсияга чыккан.

Педагогикалык ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Асыранбек Мааткеримов өз ишин бөтөнчө сүйүп, ага берилип, тажабай иштегендигинин аркасында республиканын эл агартуу майданына айтарлык эмгек синирди. Анын сабакты көрсөтмө куралсыз өткөн бир да сааты болгон эмес. Жалаң өз колу менен 5 миңден ашуун көрсөтмө куралдарды жасаган. Жасаган көрсөтмө куралдары илимий-методикалык талаптпрга толук жооп бере турган. Окутууну кабинеттик системада өтүү методун республикада биринчилерден болуп «Эпкин» орто мектебинде колдонуп, башка мектептерге жайылтуу демилгесин көтөрүп чыккан. Ал мектептерде иштөө менен гана чектелбей, Кыргыз педагогикалык илим изизилдөө институтунда башталгыч класстар боюнча штаттан тышкаркы илимий корреспонденти болуп 25 жылдан ашуун мезгил бою кызмат өтөдү. Мугалимдердин билимин өркүндөтүүнүн республикалык жана Нарын облустук институттарында окутуучу-лектор, областтык элге билим беруу башкармалыгынын штаттан тышкаркы усулчусу болуп да иштеди. Ошол себептен жогорудагы институттар анын иштиктуу иши жонундо 3 методикалык брошюра, 4 бет-плакат чыгарышып, 5 ирет телекөрсөтүүлөрдү, 3 жолу радио уктурууларды уюштурушкан. Ошондой эле анын авторлугунда башталгыч класстын окуу программасына ылайыкталган 1-2-класстарда кыргыз тилин окутууга арналган түстүү ыкма менен басылган таблицасы «Мектеп» басмасынан жарык көрүп, ушул кезде да мугалимдердин кенири колдонуусунда жүрөт. Ал мезгилинде дайыма «Мугалимдер газетасынын», «Эл агартуу» журналынын штаттан тышкаркы активдуу кабарчысы да болгон. Өз тажрыйбасын гана эмес, айрым алдынкы мугалимдердин чыгармачылык менен жүргүзгөн жаңычыл демилгелерин, иштерин чагылдырган 200го жакын макалалары аталган басылмаларга үзгүлтүксүз жарыяланып келди. Кыргыз педагогика илим изизилд институтунун штаттан тышкаркы илимий корреспонденти катары окуу-тарбия иштерин жакшыртууга карата республикалык, областтык масштабдагы илимий-практикалык конференцияларда, алдынкы мугалимдердин слётторунда, педагогикалык окууларда, курстарда, семинарларда тематикалык докладдар менен нечен ирет чыгып сүйлөгөн, үлгүлүү ачык сабактарды өтүп, жаш мугалимдерди тарбиялоого көп эмгек сиңирген. 1966-жылдан тартып ардактуу эс алууга чыкканга чейин Чолпон зоналык кусталык-методикалык бирикмесинин башталгыч класстар секциясын жетектеп, секцияга катышкан 5 мектепте айына бир жолудан үлгүлүү ачык сабактарды уюштуруп, ошол эле учурда атайы даярдалган методикалык докладдарды окуп келген. Мектепте окуу бөлүмүн жетектеп турганда, ата-энелер университетин уюштуруп, анын лекторлор группасын түзүп, аларга балдарды үй-булөдө тарбиялоого, окутууга ылайыкталаган атайын докладдарды даярдатып, чейрек сайын ата-энелер кунүн өткөрүп турууга жетишкен. Мааткеримовду кесиптештери жөнөкөй, жупуну, жумшак мүнөз, боорукер, адамкерчиликтүү, туруктуу, өз кесибинин чыныгы устаты катары баалашып сыйлап, урматтап турушкан.

Коомдук ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Мааткеримов коомдук иштерден да четте калган эмес. Партиялык саясий окууларга окутуучу-пропагандист катары көп жылдар бою эмгек отоду. Айылдагы аксакалдар Кенешинин төрагасы болуп келген. Республиканын мугалимдеринин IV, V, VI съезддеринин делегаты, жергиликтуу Кенештерге бир нече ирет депутат, эмгек ардагери болгон. Нарын областынын ардактуу атуулу наамы берилген.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Жубайы Жунушова Какиш дагы өзү менен чогуу мектепте башталгыч класста мугалим болуп эмгектенип жүрдү. Экөө 9 баланы тарбиялап өстүргөн. Балдардын баардыгы жогорку билимдуу. Уул-кыздарынын көбү ата-эне кесибин улаган педагдор.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Билим берүү майданында узак жылдар бою талыкпай эмгектенген Мааткеримов Асыранбектин мээнети учурунда жогору бааланып, бир катар өкмөттүк сыйлыктарга татыктуу болгон:
Кыргыз ССР агартуу министирлигинин «Эл агартуунун отличниги» төш белгиси (1966-жыл),
В.И. Лениндин 100 жылдыгында «Юбилейлик медалы» (1970-жыл),
«Ардак белгиси» ордени,
Кыргыз ССР Жогорку Советинен тартып партиянын Кочкор райкомунун Грамоталары, Ардак Грамоталары, баалуу сыйлыктар, дипломдор ото эле арбын.
Кыргыз ССРинин мектептерине эмгек синирген мугалим (1970-жылдын 7-майы).

Асыранбек Мааткеримов атындагы "Эпкин" орто мектеби[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Бүт өмүрүн балдарга билим, тарбия берүүгө арнап, 47 жыл бою жемиштүү ак адил эмгегин өтөгөн, республиканын педагогикалык коомчулугуна таанымал бул адамдын атын түбөлүккө калтыруу максатында айылдаштарынын жана мектептин педагогикалык коллективинин сунушу боюнча «Эпкин» орто мектебине 2000-жылдын 1-декабрында эл депутаттарынын Кочкор райондук Кенешинин атайын чечими менен анын ысмы берилген. Мектепте Асыранбек Мааткеримовдун музейи уюштурулуп иштеп жатат.