Магниттик эңкейиш

Википедия дан

Магниттик эңкейишЖердин геомагниттик талаасындагы чыңалуу вектору (Т) менен горизонталь тегиздиктин ортосундагы бурч (/). Магниттик эңкейиш горизонталь тегиздиктен жогору жана төмөн карай өлчөнөт. Эгер Т вектору төмөн багытталса, Магниттик эңкейиш оң (Түндүк жарым шарда), жогору багыталса, терс (Түштүк жарым шарда) болот. Магниттик эңкейиш Жер шарында 0° тан ±90°ка чейин өзгөрөт.

Бирдей маанидеги Магниттик эңкейиштерди туташтыруучу ийри сызык изо­клина деп аталат. 1=0 изоклинасы магнит экватору, /=90° Жердин түн. магнит уюлу, /=—90° түш. магнит уюлу деп аталат. Магниттик эңкейиш инклинатор прибору менен ченелет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.