Магниттөө

Википедия дан

Магниттөө — сырткы магнит та­лаанын аракети менен ферромагнетикте болуучу процесс.

Бул процессте ферромагнетиктин талаанын багытына карай магниттелиши көбөйөт. Ферро­магнит үлгүнүн такыр магниттелбеген абалы ар бири каныкканга чейин магниттелген өтө кичине (10-9—10~6 см3) көлөмдөгү домендерден турат, бирок домендердеги өзүнөн өзү магниттелиш векторлору А үлгүнүн маг­нит моменттеринин суммасы J =0 болгондой ар кандап багытта жай­гашкан. Магниттөө домендердеги магниттелиш векторлорун талаанын багытына карай багыттоодон — жылышуу процессинен, айлануудан жана парапроцесстен турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.