Магнит-механикалык кубулуштар

Википедия дан

Магнит-механикалык кубулуштар, гидромагниттуу кубулуштар — заттагы магнетизмди ташыгыч микробөлүкчөлөрдүн мех. жанa магнит моменттеринин өз ара байланышын айкындоочу кубулуштар тобу.

  • Нерсе магнит талаасына дуушар болгондо анын атомдорунун маг­нит моменттери бул талаанын багы­ты боюнча жайгашат.
  • Атомдордун өздүк мех. моменттеринин багыты өзгөрөт. Бирок толук мех. момент өзгөрбөгөндүктөн, ал нерсе карама-каршы багыттагы кыймыл санынын моментине ээ болуп, айлануу кыймылына келет.
  • Мындай кубулушту 1915-ж. тажрыйбада Эйнштейн менен В. де Хааз байкаган.
  • Бул тажрыйбада сырткы талаага эркин илинип коюлган ферромагнитти магниттегенде ал айланган.
  • Ал эми айланып жаткан ферромагниттүү үлгү зат магнит моментине ээ боло тургандыгын 1909-ж. С Барнетт аныктаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.