Магнит бирдиктери

Википедия дан

Магнит бирдиктери — заттын магниттик касиеттерин мүнөздөө үчүн колдонулуучу бирдиктер.

Бирдиктердин эл аралык системасында (СИ) магнит агымы — вебер (вб); магнит индукциясымагнит талаасынын электр тогу бар өткөргүчтүн бөлүгүнө аракет кылган күчүнүн ошол өткөргучтүн узундугу менен ток күчүнүн көбөйтүндүсүнө болгон катышы аркылуу аныкталган вектордук чоңдук, анын бирдиги — тесла (т).

  • Магнит кыймылдаткыч күчү — электр тогунун магниттүү аракетин мүнөздөөчү чоңдук; бул чоңдук жана магнит потенциалдарынын айырмасы ампер менен туюнтулат (а).
  • Магнит талаасынын чыңалышы — ампер бөлүнгөн метр (а/м).
  • Магнит өткөрүмдүүлүк— ген­ри бөлүнгөн метр (г/м).
  • Магниттениш — ампер бөлүнгөн метр (а/м), магнит каршылыгы магнит тизмегинин бир тектүү участкасында магнит кыймылдаткыч күчүнүн магнит агымына бөлүнгөн катышы м-н аныктала турган чоңдук; ампер бөлүнгөн ве­бер же минус бир даражалуу генри (а/вб, г-1)
  • Магнит өткөргүчтүк— тизмектин участкасындагы магнит агымынын ошол участкадагы магнит кыймылдаткыч күчунө бөлүнгөн ка­тышы м-н аныкталат, б. а. вебер бөлүнгөн ампер же генри жоуль (вб/а, гж) ж. б. менен өлчөнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.