Магнус эффекти

Википедия дан

Магнус эффектисуюктук же газдын агымында айланган нерсеге аракет кылчу каптал күчтүн пайда болушу.

Аны немец илимпозу Г. Г. Магнус ачкан (1852). Мис., эгер айланып жаткан узун цилиндрди куюнсуз суу агым жайпап агып өтсө, анда суюктуктун илээшкек болушунан агымдын багыты менен цилиндрдин айлануу багыты дал келген жердеги агымдын ылдамдыгы жогорулап, ал багыттар карама-каршы келген жердеги агым ылдамдыгы азаят. Натыйжада цилиндрдин бир жагында басым көбөйүп, экинчи жагында басым азаят. Басымдардын айырмасынын натыйжасында каптал күч пайда бо­лот. Бул күчтүн чоңдугу Жуковский теоремасы менен аныкталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.