Маданий-агартуу иштери

Википедия дан

Маданий-агартуу иштери — эмгекчилердин коммунисттик тарбиясына, саясий жактан агартылышына, жалпы маданий деңгээлинин көтөрүлүшүнө, чыглык жөндөмүнүн өркүндөшүнө, эс алышьшын уюштурулушуна көмөк көрсөтүүчү чаралар системасы.

Бул иштер — Компартиянын, Совет өкмөтүнүн, профсоюздун. комсомолдун идеол. ишинин составдык бөлүгү. Маданий-агартуу иштерине клубдук мекемелердин, массалык китепканалардын, маданият жанa эс алуу парктары менен бактарынын иштери кирет. Музей, кинотеатр, театр ж.б. маданият уюмдары, о. эле радио, теле-көрсөтүү Маданий-агартуу иштеринде чоң орун ээлейт. Кец маанпде алганда, адамдын маданият жактан өсүп-өөрчүшүнө көмөк берүүчү иштердин окуу жайлардан тышкары уюшкандарынын баары Маданий- агартуу иштерннин түшүнүгүнө кире берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.