Маданий Революция

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Маданий революция – совет мезгилинде коммунисттердин жетекчилиги аркылуу ишке ашкан социалдык саясий, экономикалык маданий өзгөрүүлөр. Большевиктер партиясынын максаты маданий революция аркылуу эмгекчилерди тарыхый маданий процесстин активдүү катышуучуларына айландыруу, жаңы адамды тарбиялоо болгон. Маданий революцияны социалдык коомду куруунун негизги шарты деп эсептешкен. Коммунисттердин окуусуна ылайык, маданий революцияны эзүүчү таптын коомдук турмуштагы руханий жана маданий үстөмдүгүн жоюп, адамзат жараткан тарыхый маданий жетишкендиктерди эмгекчилердин энчисине ыйгармак, ошондой эле буржуазиялык маданият жаңы социалдык маданият менен алмаштырылат, эл агартуунун жаңы системасы түзүлөт, анын негизинде илим билим жана искусство өнүгүп, социалдык интеллигенция калыптанат, эл массасынын саясий аң-сезими өсөт дешкен. Бирок, эски маданияттан баш тартуу аны таңгандыкка жатпай турганын, тескерисинче, сын көз менен карап, анын жакшы жактарын тандап алуу керектигин айтып чыгышкан. Маданий революция кыска мөөнөттүн ичинде бүтүндөй совет элинин коомдук саясий турмушун, маданий өнүгүүсүн түп тамырынан өзгөрткөн.

Кыргызстанда Октябрь революциясына чейин калктын 1% гана сабаттуу болсо, маданий революциянын жыйынтыгында өлкө туташ сабаттуулукка жеткен. Бул көрүнүш өз кезегинде Кыргызстандын өнүгүүсүнө өтө чоң өбөлгө түзгөн; элдин турмуш-тиричилиги жаңырган, шаарлар, кыштактар курулуп, билим берүүчү мекемелердин тармактары түзүлгөн. Кыргыз улутунан билимдүү адистердин бүтүндөй мууну өсүп чыгып, дүйнөлүк интеллектуалдык өнүгүүгө өз салымын кошуу деңгээлине чейин көтөрүлгөн. Билим берүү, социалдык, маданий курулуштар акысыз жүргүзүлгөн.

Бирок маданий революция Советтер Союзуна кирген республикаларда зор өнүгүүлөрдү жаратып, жашоого жагымдуу маанай түзгөнү менен, авторитардуу башкаруу (жеке адамга сыйынуу) саясаты маданий революцияга таасирин тийгизген, башкача айтканда маданий революция өлкөдө зордук-зомбулук, маданий, саясий репрессияларды колдонуу ыкмалары менен жүргүзүлгөн. Миңдеген алдынкы көзкараштагы интеллектуалдуу адамдарга эл душманы, контрреволюциячыл, дүйнөлүк буржуазиянын агенти деген жарлыктар бейкүнөө тагылып, айыпталып, эзүүчү таптын өкүлдөрү катары камалып, сүргүнгө айдатылган, атылган. Диний мекемелер тонолуп, кыйратылып, дин кызматкерлери куугунтукка алынган. Маданий революция идеясы (СССР мезгилинде) социалдык коомду курууга умтулган дүйнөнүн айрым бир мамлекеттеринде да ишке ашкан. Бирок, аларда бул идея өзүн биротоло дискредитациялоо (аброюн түшүрүү) жолунда, лениндик концепцияга шайкеш келбеген абалда жүргүзүлгөн. Советтер Союзунун коммунисттери ал эксперименттерди маданий революцияга эч кандай тиешеси жок көрүнүш катары карап, байланышын танышкан.

Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]