Маданий детерминизм

Википедия дан

Маданий детерминизм (лат. deter-mino – аныктайм) – маданиятты коомдун башка чөйрөлөрүнөн көз каранды эмес, автономиялуу түзүлүш катары караган батыш социологиясында кеңири жайылтылган концепция маданий детерминизм эреже катары маданият түшүнүгүн кеңири чечмелөө менен мүнөздөлөт. Аталган концепциянын чегинде маданият бул коомдун көпчүлүк мүчөлөрү тарабынан кабыл алынган баалуулуктары менен дөөлөттөрдүн (фундаменталдуу мүнөздөгү коомдук идеялар жана принциптер, ынанымдар жана ишенимдер, каада-салттар жана ырым-жырымдар жана башка) жыйындысы. Батыш социологиясында маданий детерминизм М. Вебердин диндин социологиясы боюнча жазган эмгектеринен башталат деп белгиленет. Бул эмгектерде М. Вебер коомдун өнүгүшү анда үстөмдүк кылган диний баалуулуктардан көз каранды деп белгилеген. Азыркы мезгилдеги маданий детерминизмдин өнүгүшүнө алгачкы жамааттарды каада-салттар жана ырым-жырымдар тактаган маданий система катары караган маданий антропология мектебинин өкүлдөрү (Л. Уайт, А. Кардинер, М. Мид) зор таасир тийгизишкен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8