Мадзини Жузеппе

Википедия дан

Мадзини Жузеппе (22. 6. 1805, Генуя – 10. 3. 1872, Пиза) – италиялык революционер, италиялык улуттук-боштондук кыймылынын жол башчыларынан, Рисоржиментонун катышуучусу, европалык жана италиялык радикал-демократиялык кыймылдын идеологу. Генуя университетинен укук боюнча билим алган. 1827-жылдан карбонарийлердин (Түштүк Италиядагы жашыруун саясий коом) мүчөсү. Италияны австриялык эзүүдөн куткарып, эркиндикке чыгарууга жана бириктирүүгө бүт өмүрүн арнаган. 1830-жылы камалып, андан соң Генуядан куулган жана чет өлкөдө (Франция, Швейцария, Улуу Британия) жашаган. 1831-жылы Марселде «Жаш Италия» патриоттук жашы­руун уюмун уюштуруп, бирдиктүү Италия мамлекетин түзүүнүн саясий программасын иштеп чыккан. 1849-жылы март–июлда Рим Республикасынын премьер-министри катары башкарып, бир катар реформа жүргүзгөн. 1850-жылдардын ортосунда «Аракет партиясын» түзгөн. Ал партия 1860-жылы Сицилияга Ж. Гарибальдинин экспедициясын уюштурган. 1860-жылдары Мадзини Жузеппе өлкөнү бириктирүү күрөшүнө жумушчуларды тартуу үчүн аракеттенип, утопиялык идеяларды тараткан. Мындай көз караштары Ж. Мадазининин Париж Коммунасы (1871) менен 1-Интернационалга терс мамиле кылышына себепкер болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]