Мадлен маданияты

Википедия дан

Мадлен маданиятысоңку па­леолит доорунун аягындагы европа калк маданияты.

19-кылымдын 60-жылдары француз археологу Г. Мортилье таап, изилдеген. Франциядагы Ла-Мадлен үңкүрүнүн атынан аталган. Мадлен маданиятынын адамдары үңкүрлөрдө, жер кепелерде жашаган. Алар негизинен аң уулоо, мөмө, жер-жемиш терүү, ба­лык кармоо менен кесип кылган. Чакмак таштан тешкич, кескич, кыргыч жанa бугунун, мамонттун мүйүзү менен сеөгүнөп кыма, ийне ж. б. эмгек куралдарын жасап, үңкүрлөрдүн капталдарын, төбөлөрүн ар түрдүүчө оймо-чиймелеген.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.