Мадыкан

Википедия дан

Мадыкан, Мады, Мадышкер — «Манас» эпосунун кейипкери. Жомоктук-мифтик образ. М. — эпосто портреттик элеси, аткарган милдети жактан баатырдык эпостордун каармандарына жакыныраак турган, кийинки доорлордун мүнөзүнө ылайык өзгөртүлгөн жалгыз көздүү дөө. М. дөөнүн эпикалык душмандын кол башчысына толук өткөн образы Саякбай Каралаевдин вариантында «Чоң казатта» берилет. Башында жалгыз мүйүзү бар Көк Букасын минген Мады же М. дөө жекеге чыгат. Айрым Сибирь элдеринде Мады — тоонун ээси, тоо киши дегенди түшүндүрөт. Багыш Сазановдун вариантында «Алачыктай темирди, чочмор алган Мадышкер» деп сүрөттөлөт. «Мады» деген сөзгө уланган «кер» байыркы убактарда чоң, зор деген маанини туюнткан. Алтай эпосторундагы мифтик жандыктардын көпчүлүгү «кер» деген туруктуу эпитет менен тутамдашып айтылат: Кер-Жутма (чоң-жутма), Кер-Балык (чоң-балык, кит), Кер-Бука (чоң-бука, мамонт, керик), Кер-Куш (чоң-куш, алп кара куш) жана башкалар Ырым-жырым ырларында «керней баштуу кер жылан» деген сөз айкалышы учурап, «кер» деген сөз жыландын өңү-түсүн эмес, көлөмүнүн чоңдугун туюнтат. Демек, Мадышкер да «Чоң Мадыкан» деген маанини, түшүнүктү берет. Шор элинде Падыкан (Мадыкан) тоонун ээси катары айтылат.

Коом өзгөрүп, мезгилдин өтүшү менен элдин дүйнө таанып билүүсү, көз карашы, түшүнүгү жаңыланат. Жомоктук-мифтик кейипкерлерге карата мамилеси да өзгөрөт. Коомдун өнүгүшүнүн натыйжасында мифологиялык түшүнүктөр өзгөрүүгө учурап, эл чыгармалары да идеялык мазмунуна ылайык жаңы белгилерди сиңирет. Эпостогу ушундай эволюциялык өнүгүүнүн поэтикалык үлгүсү М-дын, Малгундун, Макел дөөнүн образдары. Эпосто М-дын мифологиялык кебетеси жана белгилери толук сакталуу менен ал туруктуу терс кейипкерге айланып, эпикалык душман баатыры катары берилген. Чоң казатта М-дын кол башчылык кылып майданга келиши анын мүнөзүнүн, иш-аракетинин өзгөргөндүгүн айкындайт. Эпосто Манас баатыр менен М. дөө жоокерчилик доордун шарты боюнча чыныгы эрдиктин салтын сактап жекеме-жекеде согушат:

Кереп турат Мадыкан,

Керилип саят Манас кан,

Кебелбей койду Мадыкан.

Чочубады зор Манас,

Букасына камчы уруп,

Оозунан өрт чыгып,

Кош колдоп саят Мадыкан,

Козголбой турат эр Манас (Саякбай Каралаев, 2. 151).

М. дөөнүн шарттуу түрдө өлүүчү жумшак, талуу жери маңдайындагы жалгыз көзү эмес. Манас аны Көк Буканын үстүнөн сайып түшүрүп, Чубак Көк Буканын, Бакай М-дын башын кесип алгандан кийин гана ажал табат. Бирок, М-ды өлтүрүү жоокерчилик доордогу кадимки эле адам душмандардын бирин өлтүрүү сыяктуу көндүм иш эмес. Ал жөнөкөй эле өлө койбойт. Аны түбөлүк өлтүрүү үчүн белгилүү шартты ишке ашыруу керек. Элдик эпостордо М. тибиндеги сыйкырдык касиетке ээ кейипкерди биротоло өлтүрүү үчүн башын денесинен бөлүү керек. Ошондо гана ал мифтик жандык магиялык касиетинен ажырап, кайра тириле албай калат. Жалгыз көздүү жомоктук-фантастикалык кейипкерлердин башын кесип өлтүрүү сюжети башка элдердин эпостук чыгармаларында да кеңири учурайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4