Мазарис сары аарысы

Википедия дан

Мазарис сары аарысы (Masaris longicornis), (N. Kuznetzov, 1923) - Тукум жана түркүм эң байыркы жаргак канаттулар группасынын бири, бор доорунун экинчи жармынан бери белгилүү (100 млн жыл мурда) олиготроф чаңдаткычтар катары эволюциялык калыптанган. Кыргызстанда көрсөтүлгөн (40 жыл мурда) M asaris (M. carli) түркүмүнүн өкүлү азыркы мезгилде бириндеген биотоптордун деградацияланышына байланыштуу өлүп жок болгондой .

Түрдүн жетилген стадиясынын сырткы түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Денесинин узундугу 10,5–12,0 мм, орто көлөмдөгү аары, канаттарынын кулачы 20,0–22,5 мм. Жыныстык диморфизм абдан өнүккөн. Ургаачысынын көкүрөгү кара, арт жагында капталдарында билинип турган тишчелери бар. Мурутчалары төөнөгүчтөй, кыска 12 бөлүктүү. Көздөрү чоң, алды жагы терең оюлган, тумшугунун кабынын капталдары кууш жана алды жагына кирип, мурутчаларынын кутучасы өтө узун, денесинин түсү кара саргыч сүрөттүү. Алдынкы аркасы арт жагынан кесилген жана капталдарындагы чоң тегуларга чейин жетет. Канаттары саргыч, алдынкыларында эки радиомедиалдуу ячейкасы, ал эми чокусунда бозомук каралжын түсү ургаачыларында өнүккөн. Эркектеринде сары түстөгү темгилдер басымдуу, арткы капталдарында тишчелери жок, мурутчалары ичке бөлүнбөгөн, узундугу алдынкы канатына тете.

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чачыранды, анча изилденген эмес. Кафирниган дарыясынын капчыгайында (Тажикстан), Каржантау ; Талас ошондой эле Алай жана Тескей Алатоосунда белгиленген (Ысыккөлдүн түштүк жээгинен төрт ургаачысы боюнча жазылган M. tianshanicus Panfilov, 1968 синоним болуп калышы ыктымал).

Жашаган аймактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Деңиз деңгээлинен 1800–3100 м абсолюттук бийиктикке чейинки чөлгө айланган жерлерде, боздоң талааларда, жыгач-бадалдуу тоо алкактарында, бийик субалңпы шалбааларында кездешет . Аарылар кургак микроклиматтуу жана жыңалач же чополуу тоо беттеринде кармалышат.

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бүткүл ареалы боюнча өтө төмөн. Мазаристер чачыранды, майда колониялуу, кээде жалгыздан жашаган особдору да кездешет. Жердеген жеринде тоют өсүмдүктөрүнөн 4–5 саатын ортосунда болгону эки жолу 10–15 даана көпчүлүгү эркек особдор катталган . ==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Имагосу июндун экинчи декадасынан августун үчүнчү декадасына чейин кездешет; жеңил борпоң топуракта уялашат, личинкаларын гүлдүн ширеси жана чаңчаларынан аралашкан ботко менен тамактандырышат. Жылына бир муун берет. Sympegma regel i i (Chenopodiaceae) жана Dracocephal um int egrifol ium, D. stamineum жана Thymus гүлдөрүндө катталган. Ургаачыларын жерге жакындаган кезде жакшы байкаса болот . Эркектери көбүнчө түшкө жакын активдүү .

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Популяциялардын санына жайыттардын тапталышы, айдоо, сугаруу, инсектициддерди пайдалануу таасир кылат, бирок көпчүлүк жердеген жерлери азыркы мезгилде түздөн-түз антропогендик коркунучта эмес. Табигый душмандардын басымы да алардын санына терс таасирин тийгизет (айрыкча уя инквилиндери) жана бактериалдык, микоздук оруулардын натыйжасында өлүмү өнүгүүсүнүн бардык стадиясында байкалат. Байыркы түрдүн чачыранды, обочолонгон, белгилүү бир жерге таандык популяциялары инбридингдин натыйжасында тукумдун бузулуш коркунучун туудурат.

Көбөйтүү (колдо багуу)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жүргүзүлгөн эмес.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азыркы убакта түр эч жерде корголбойт.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колониялар табылган ареалдын кээбир жерлеринде (Ысыккөлдүн түштүгүндө, Алайда) жайыттарды тартипке келтирүү жана чөп чабууну чектөө менен эки кичи заказник түзүп, биологиясын, атаандаштарын жана табигый душмандарын аныктоо зарыл.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

III категория (LR-nt). Байыртадан калган анча чоң эмес түркүмдүн (4–5 түрү) ортоазиялык табигый сейрек түрү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]