Мазков Павел Павлович

Википедия дан

Мазков Павел Павлович - 1949-жылы 10-февралда Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган.

  • 1964- жылы Мичурин атындагы орто мектептен 8-классты,
  • 1968-жылы Ош шаарындагы Айыл чарба техникумунун, өсүмдүктөрдү коргоо боюнча агроном кесибин аяктаган.
  • 1968-1970-жылдары Советтик Армиянын катарында Венгрияда кызмат өтөп, “За воинскую доблесть” медалы менен сыйланган.
  • Эмгек жолун 1970-жылы “Дружба” совхозунда агроном болуп иштеп баштаган.
  • 1987-жылдын 14-июндан 15-августкачейин, Чернобыль АЭСтин авариядан кийинки абалын жоюуга катышып келген.
  • Көрсөткөн эмгеги үчүн медаль жана ардак грамоталар менен сыйланган.
  • 1988-1996-жылдары Мичурин атындагы орто мектепте, эмгек мугалими болуп эмгектенген.
  • 1996-жылы Чернобылдан алган оорусуна байланыштуу эс алууга чыгып, ошол эле оорунун таасиринен 2011-жылы дүйнөдөн кайткан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3