Майкл Жордан

Википедия дан

Майкл Жеффри Жордан - (17. 2. 1963-ж. туулган, АКШ, Нью-Йорк) – америкалык баскетбол оюнчусу. 20-кылымдагы дүйнөнүн эң мыкты баскетболчусу. Олимпия оюндарынын эки жолку (1984, 1992), Улуттук баскетбол ассоциациясынын алты жолку (1991–93, 1996–98) чемпиону. Түндүк Каролина университетинин, «Чикаго Буллс», «Вашингтон Уизардс» командаларында ойногон. Улуттук баскетбол ассоциациясынын эң мыкты оюнчусу катары 5 жолу таанылып (1988, 1991, 1992, 1996, 1998), 14 жолу жылдыздар оюнуна тандалган. 3 жолу «Слэмданк» конкурсуна тандалып, эки жолу утушка (1987, 1988) ээ болгон. Ошондой эле «аба королу» деген наамга ээ болуу менен, бүгүнкү күндө баскетбол тарыхында эң мыкты оюнчу катары саналат. 1993-ж. бейсбол оюнун да ойноп көргөн. Учурда Oakley Inc компаниясынын жетекчилеринин бири.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1