Майкл Фрэнсис Атия

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Майкл Атия.

Сер Майкл Френсис Атия (англ. sir Michael Francis Atiyah, арап. مايكل عطية‎; 1929-жылы 22-апрелде, Лондондо туулган) - англиялык математик.

Өмүр таржымалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Илимий ишмердиги[оңдоо | булагын оңдоо]

Математикалык эмгектери[оңдоо | булагын оңдоо]

Атиянын 1958-жылга чейин жазылган эмгектери алгебралык геометриянын негиздерине арналган. 1954-жылы сызыкчалуу беттерди изилдөөдө тутам теориясынын тилин колдонгону үчүн Смит сыйлыгы ыйгарылган. Принстондогу кезинде эпликтикалык ийри сызыктын үстүндөгү вектордук катмарланууну классификациялап, мындай ар бир катмарлануу кемибөөчүлөрдүн түз суммасына жайыларын көрсөткөн.

Атиянын негизги эмгектери алгебралык типологиягы арналган. Ал Александр Гротендиктин эмгектеринин таасири менен жана Фридрих Хирцебрух менен шериктеш болуп, К-теориясын түзгөн. Мында ал кадыресе когомологиялардан негизги гомотопикалык инвариант катары баш тартып, алардын ордун К-функтор менен алмаштырган (чындыгында К-теория когомологиянын жалпыланган теориясынын биринчи үлгүсү болгон). Атия К-теориянын жардамы менен Раул Ботт менен чогуу кыймылсыз чекит жөнүндөгү Атия-Ботт теоремасын жана Изадор Зингер менен чогуу эллиптикалык оператордун индекси тууралуу теореманы далилдеген. Акыркы теорема 1950-жж. башында эле И.М. Гельфанд ортого койгон маселени чечкен. Бул теорема топология менен дифференциалдык теңдемелер теориясынын ортосундагы жаңы байланыштардын табылышына өбөлгө болгон. Ошондой эле Атия жана Ботт И.Г. Петровскийдин жарым-жартылай туундуларда гиперболалык теңдемелер жөнүндөгү классикалык корутундуларын жалпылашкан.

Атиянын 1977-жылдан кийин жазган көпчүлүк эмгектери математикалык физикага багытталган. Анын калибрлөөчү талаалар жаатындагы эмгектери өзгөчө мааниге ээ. Атап айтканда, Атия башка авторлор менен бирге төрт ченемдүү евклид мейкиндигинде мүмкүн болгон бардык инстантондорду сүрөттөгөн.

Анын жакшы белгилүү шакирттери Саймон Доналдсон, Жордж Лүстиг жана Найжел Хитчиндер.

Сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]